БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Исландиянын футбол комментатору Гудмундур Бенедиктссон башкы жумушу менен кош айтышканын британиялык The Guardian басылмасы жазып чыкты.
Эске сала кетсек, аталган комментатор Исландия курамасы Австрияга чечүүчү гол киргизгенде үнү бүткөнчө кыйкырып, интернет жылдызына айланган.
Бенедиктссон "КР Рейкьявик" футболдук клубунун башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары иштеп келген. Машыктыруучу топ аталган команда жеңилүү ызасын таткандан кийин жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Анткени клуб акыркы алты оюндун бешөөндө утулуп калган.