БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Сингапурдан Италиянын Милан шаарына багыт алган Singapore Airlines компаниясынын учагынан Чанги аэропортуна коно баштаганда өрт чыккан.
Straits Times басылмасынын айтымында, учкуч үч сааттык жолдон кийин жүргүнчүнүн бири түтүн тууралуу айтканынан улам артка кайрылууга аргасыз болгон.
Шашылыш конуп жатканда Boeing 777-300ER аба кемесинин оң канаты күйө баштаган. Учактын ичинде 222 жүргүнчү жана 19 адамдан турган экипаж болгон. Кишилердин баары эвакуацияланып, өрт өчүрүүчүлөр жалынды токтотуп калышкан. Натыйжада жабыркагандар катталган эмес.