Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болуп өткөн маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт топтомун тартуулайт.
Бишкектин чок ортосунда көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшү, Европа чемпионатындагы эң мыкты гол, Улуу Британиянын Евробиримдиктин курамынан чыгышы, Россия президенти Владимир Путиндин Пекинге болгон расмий сапары жана башка окуялар Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт ирмемде сунушталат.
Швейцария командасынын футболчусу Жердан Шакири Европа чемпионатынын 1/8 финалы өтүп жаткан Швейцария менен Польшанын беттешүүсүндө гол киргизүүдө. Беттешүүнүн негизги убактысы да, кошумча берилген убакыт да 1:1 эсеби менен аяктап, пенальтиден польшалыктар күчтүүлүк кылып кетти. Эсеп — 5:4
Улуу Британияда өлкөнүн Евробиримдиктеги мүчөлүгү боюнча референдум болуп өттү. Анын натыйжасында биримдиктин курамынан чыгуу үчүн элдин 51,8 пайызы макул болсо, 48,2 пайызы каршы чыккан. Сүрөттө: Leave.eu кыймылынын тарапташтарынын реакциясы
Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон референдумдун жыйынтыгы менен өткөрүлгөн маалымат жыйында октябрь айында кызматтан кетерин жар салды Сүрөттө: Дэвид Кэмерон жубайы Саманта менен референдумдун жыйынтыгы чыккандан кийин
Кытай армиясынын Ардак кароолу Россия президенти Владимир Путинди тосуп алууга даярдык көрүүдө РФ башчысы Пекинге болгон расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрүп, анын соңунда документтерге кол коюлду
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Йоганын эл аралык күнү массалык иш-чарада. Майрам БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2014-жылы бекитилип, ошондон бери жылына 21-июнь күнү белгиленип келет
Рим папасы Франциск Арменияга үй күндүк сапары менен барды. Сүрөттө: Рим папасы Франциск менен Армения президенти Серж Саргсян президенттик резиденцияда өткөн жолугушуудан кийин
Кытайдын Цзянсу провинциясынын бир катар уезддерин баскан куюн. Табигый кырсыктан 98 киши каза болуп, 800гө чукул жашоочу жабыркаган. Куюн жаан жана мөндүр менен коштолуп, шамал электр карагайларын, жарнамалык такталарды кулаткан. Мындан тышкары, бир катар үйлөрдү жабыркаткан.
НАСАнын кызматкери Жефф Уильямс күн батканга чейинки ирмемде толгон айдын сүрөтүн тартып алган. Ал Эл аралык космостук станциядан Кытайдын батыш тарабынан учуп бараткан жасалган
Бишкекте Панфилов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 12 кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп кеткен. Жалынды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылып, кырсык турак жайдын 3000 чарчы метрин иштен чыгарган. Каза болгондор катталган жок.