БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин эксперттери 11-июль күнү Кыргызстанга келип, Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгү менен таанышат. Бул тууралуу аталган биримдиктин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара учурунда адистер чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү, өлкө ичиндеги лабораториялардын абалын текшерүүгө алышат.
"Текшерүү учурунда адистер Кыргызстанда болуп жаткан ветеринария жаатындагы реформалар менен таанышат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, реформага ылайык мал доктурлардын статусун жогорулатуу каралууда.