БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ирак аскерлери "Ислам мамлекети" террордук уюму басып алган Эль-Фаллужа шаарын толук бошотту. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед агенттигине таянуу менен жазып чыкты.
Эль-Фаллужа шаарын бошотуу операциясы 23-майда башталган. Багдаддын батыш бөлүгүн карай кеткен шаар эки жылдан ашуу террорчулардын колунда турган. Аталган калаага ээлик кылып туруу Багдадга жакын болгону менен маанилүү. Согушкерлер үчүн Эль-Фаллужа борбор шаар Багдадга террордук чабуулдарды жасоо үчүн ыңгайлуу жай болуп эсептелет.
Эль-Фаллужанын бошотулушу менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Ирактагы күчтөрүнө бөгөт коюлары айтылып келген.