БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-4-июль күндөрү өлкөбүздө Россия күндөрү өтө турганын Росскызматташуу билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, анда кыргызстандыктарга орус маданияты тартууланат.
Мындан сырткары, иш-чара Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде, Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндө уланып, ага бардык каалоочулар келе алат.