Шаардык кеңештин комиссиясы "Зеленстрой" ишканасын текшерет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери. Архив
Зеленстрой ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар ишкана ижарага берген мүлк маселесин карап чыгышат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин (БШК) комиссиясы мэриянын алдындагы "Зеленстрой" ишканасын текшере турганын БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Комиссиянын турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана коммуникация боюнча жыйыны 27-июнга белгиленген.

Шаардык депутаттар аталган ишкананын ижарага берген мүлкү тууралуу пунктту карап, сессиялык маселелерди талкуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0