БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 23-24-июнда Баткен жана Ош облустарына жумушчу сапары менен барарын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Жээнбеков автоунаа жолдорунун оңдолушу, социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолукмакчы.
Мындан тышкары, өкмөт башчы Баткен облусундагы "Көк-Талаа — Пүлгөн" жолунун ачылышына катышып, андан соң Өзгөн районунда билим берүү тармагында курулуп жаткан курулуштарды көрөт.