БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Маңзатка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү Кыргызстанда атайын флешмоб жана лекция, окутуулар менен белгиленерин Маңзаттарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.
Жыл сайын 26-июнь наркоманияга жана маңзатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн катары белгиленет. Бул күн 1987-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген.
Кыргызстанда ал 2000-жылдан бери белгиленип келет. Бул күнү республика боюнча маңзаттын алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча түрдүү иш чаралар — акция, лекция, окутуу, семинарлар, тегерек столдор уюштурулат. Андан сырткары, спорттук мелдештер жана балдардын сүрөт конкурсу өтөт.
Ал эми Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде эстрада жылдыздарынын коштоосунда флешмоб уюштурулат.