БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Ново-Покровка айылындагы №3 түзөтүү колониясына белгисиз бирөөлөр арак куюлган бир жарым литрлик үч бөтөлкөнү ыргытышканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, белгисиз бирөөлөр бөтөлкөнү түндө ыргытышкан. Бирок бөтөлкө блокпосттун жанына түшүп калган.
ЖАМК ошондой эле Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясынын аймагына акча салынган баштыкты ыргытууга аракет кылган 20 жаштагы жигит кармалганын билдирди. Баштыкта жалпысынан 3900 сом болгон.