Бишкекте нашаа менен шугулданган кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түштү

© flickr.com / Martin AlonsoМужчина заворачивает марихуану в бумагу. Архивное фото
Мужчина заворачивает марихуану в бумагу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармоо учурунда алардын жанынан 4 килограммдан ашуун баңгизат алынды.

БИШКЕК, 21-июн — Sputnik. Ички иштер башкармалыгы тарабынан баңгизат ташыган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-июнь күнү Бишкек шаарынын Киркомстрой аймагынан Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 37 жана 42 жаштагы жаштагы эки жаран баңгизат менен кармалган. 

Алынган нашаанын салмагы 4 килограмм 30 граммды түзөт. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ага тиешелүү адамдарды териштирүү иши башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0