БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишине коюлган бомба тууралуу кабар жалган болуп чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Саат 17:00дөн кийин милицияга аталган аймакта шектүү баштык жатканы туурасында маалымат түшүп, ал жер милиция тарабынан дароо курчоого алынган. Аймакка жетип келген КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын саперлору шектүү эч нерсе тапкан жок.
"Шектүү делген буюм аялдардын унутуп калтырып кеткен кадимки эле сумкасы экен", — айтышты милициядан.
Милициянын курчоосу болжол менен мындан бир саат мурда алынды.