БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Баткен облусунун 43 жаштагы тургуну 1 килограмм 653 грамм нашаа менен кармалды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаранды кармоо үстүбүздөгү жылдын 19-июнь күнү "Киркомстрой" районунда болгон.
Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгизатты жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.