БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 20-июнь күнү күн ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык эртең түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Бишкек шаары боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16-18, күндүз 27-29 градуска ысык болот. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 17-19, күндүз 31-33 градуска чейин жетет.