00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Тоолуу аймактардагы өзгөрүүлөр жана жашоочулардын ден соолугунун өзгөрүшү
13:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как технологические уклады меняют общество — и что готовит шестой этап развития - беседа о социуме
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалал-Абад облусунда сел айылдарды байланыштырган көпүрөнү алып кеткен

© Фото / пресс-служба МЧС КрЖалал-Абад облусунун Аксы районунун селден кесепети.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун селден кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сел суулары Аксы районундагы бир катар айылдардын көпүрөлөрүн алып, жолдор жабылган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 17-июнда болгон жаратылыш кырчыктарынын кесепетин жоюу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Ак-Жол айыл аймагына караштуу Ак-Жол дарыясынан келген сел суулары Шынаа айылындагы 74 кожолук күндө колдонуп келген көпүрөнүн түркүктөрүн алып кетип, көпүрө авариялык абалга келген. Бул көпүрө 2008-жылы ашар жолу менен курулган.

Тоң районунда бийик тоолор. - Sputnik Кыргызстан
Бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу текшерилүүдө
Ошондой эле Райкомол айылындагы 354 кожолук пайдалануучу көпүрөнүн оң жээгин Ак-Жол дарыясынан келген сел суулары жеп, кооптуу абал жаралган. Бирок жол каттам токтогон эмес.

Ал эми Жолборсту жана Бел-Өрүк айылдарындагы 216 кожолукту айыл өкмөттүн борбору менен байланыштыруучу 9 чакырым ички чарбалык автожолдун беттерин жууп, айрым жерлерин колоттордон келген сел суулары аң-сайга айландырып, жол каттамы токтоп калган. Айыл өкмөт тарабынан эксковатор тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы аптада өлкө аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүргөн. Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарындагы бир катар аймактар жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0