БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда 10-июнда Түп суусуна чөгүп кеткен 12 жашар баланын сөөгү бүгүн табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылган. Сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү 10-июндан бери изделип жаткан болчу.