Сүрөттөр "Уникалдуу Кыргызстан" фото-видео турдун алкагында тартылган.
"Мен "Кыргызстандын эли" долбоорун улантып жатам. Дагы беш облусту кыдырам. Буга чейин Нарындын тургундарын тарткам. Ысык-Көл облусунун алыскы айылдарына чейин барып, кишилердин баскан турганы, күлгөнү жада калса бетке түшкөн бырыштары да башкача экенин айта алам. Карапайым кишилердин күнүмдүк турмушун тартканды жактырам", — дейт фотограф Кадырбеков.

Күлкү өмүрдүн мүлкү. Григорий капчыгайындагы апа

"Мени күткүлө!". Босогодо бутун байлап жаткан жеткинчек

Бүркүтчүнүн колуна конгон шумкар. Семенов капчыгайы

Колго кофени алып, тээ алыстан кимдер келе жатат деп жол караган Каракол шаарындагы гүл саткан дүкөндүн сатуучусу

Ак-Терек айылынын балакайлары. Буюрса күзүндө сумканы колго кармап, мектеп босогосун атташат

Кирпичтен салынган имараттын алдындагы кишилер. Анын жанындагы таш төшөлгөн аллея качандыр бир кезде көз жоосун алчу

Эшек минген өспүрүм, Жети-Өгүз

Каракол шаарындагы аллеялардын биринде эс алып жаткан киши

Көк-Жайык жайлоосундагы боз үйдүн жанындагы балдар

Ат минип, кушун колуна кондурган бүркүтчү

Чолпон-Ата шаары чакан болгондуктан калаада велосипед менен жүргөн өтө ыңгайлуу

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, жаачы болгусу келген бала. Жайлоодогу чоң ата, чоң энесине келип, жаа атууну өздөштүрүүдө