БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка КР президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Маалыматка ылайык, Исаковго бул сыйлык улуттук кызыкчылыктарды коргоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган.