Улуттук китепканага Саякбайдын энциклопедиясы берилди

© Фото / пресс-служба академии наук КР"Манас": Саякбай энциклопедиясы" китеби. Архив
Манас: Саякбай энциклопедиясы китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп "Саякбай манасчы" фондунун колдоосу менен басылып чыгып, улуттук китепканага белек катары берилди.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. "Манас": Саякбай энциклопедиясы" китебинин 15 нускасы Улуттук китепканага берилгендиги тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган китеп "Саякбай манасчы" фондунун колдоосу менен басылып чыгып, улуттук китепканага белек катары берилди. 

"Манас": Саякбай энциклопедиясы" буга чейин чыккан "Сагымбай", "Токтогул", "Алыкул" энциклопедияларынын уландысы болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. 

Басылма сапаты жагынан айырмаланып, окурмандар үчүн терең маалымат берүүчү каражат экени билдирмеде белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0