00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
08:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
18,5 млн. сом сарпталат — №13 шайлоо окруry боюнча кайра шайлоого даярдык кандай жүрүүдө?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
10:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зомбулукка каршы күрөш: 5200 ишеним телефону жана жабырлануучуларды коргоонун жаңы механизмдери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как страховые компании делят риски и зачем это обычным людям
12:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Экономикалык панорама
Туризмде тейлөө канчалык маанилүү?
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз филармониясына 90 жыл!
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему в магазинах снова просят платить наличными? Ответ ГНС
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Токтошев: агып келе жатканда куурчак деп ойлогом, бала экенин көрүп сууга секирдим…

© Фото / Азамат НасыкуловТалас шаарында коммерциялык банктын кызматкери Мирлан Токтошев.
Талас шаарында коммерциялык банктын кызматкери Мирлан Токтошев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир убакта бала ыйлап жибергенде "өх-хх.." деп жеңилдей түштүк деди бөбөктү ажалдан алып калгандар.

БИШКЕК, 16-июн.— Sputnik. Талас шаарына Бишкектен иш сапар менен жөнөгөн борбордогу коммерциялык банктын кызматкери Мирлан Токтошев 1,5 жашар наристени ажалдын оозунан сактап калам деген оюна да келген эмес. Аталган банктын башкы кеңсесинин кредит башкармалыгынын башкы адиси Токтошев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине баланы агып бара жаткан жеринен алып чыгып, өлүмдөн кантип арачалап калганын айтып берди.

Окуя 13-июнь күнү Талас шаарында банк иштери менен кардарларды кыдырып жүргөндө, түшкө маал болгон. Каналда агып келе жаткан куурчакты байкап, анан көз ирмемде бала экендигин түшүнгөн соң, автоунаадан атып чыгып, сууга секирген. 

"Мен оң тарапта отурган элем. Алгач куурчак экен деп ойлодум, анан жакшылап карасам бала экен. Дароо эле айдоочуга токтот деп кыйкырып, түшө калып сууга кирдим. Алып чыксам көзү аңтарылып, көпкөк болуп калыптыр. Жасалма дем алдырып, жүрөк тушун укалай баштадым", — деп айтып берди Токтошев.

Флягага суу алып бара жаткан айыл жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: флягага түшүп кеткен 6 жашар кыз кайра чыга албай калган
Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы мүнөттөрдө банк кызматкеринин биринчи жардамды тез көрсөтүп, чукул кырдаалда жасаган туура кадамы тирүүлүктүн пайдасына чечилген.

"Жасалма дем алдырып, бутун созуп, көмкөрөсүнөн жаткырып, укаладым. Оозунан-кулагынан суу чыкты, бирок наристенин жүзүнөн жашоонун белгиси көрүнбөйт. Кайра-кайра жасалма дем алдырып жатып, анан көзүн ачкандай болду. Чакырган Тез жардам кечиккендиктен машинага салып алып, оорукана алып жөнөдүк", — деп айтып берди Мирлан жооптуу ирмемдерин эстеп.

Баланын денесин бошотолу деп көйнөктөрүн тытып жибердик 

Баладан тирүүлүктүн белгиси байкалбаган ирмемдер, кылым болуп кеткен ошол мүнөттөр туурасында Таластагы аталган банктын филиалынын кызматкери Айдар Көчөрбаев төмөнкүчө айтып берди.

"Өңү купкуу, куурчак биякта калсын. Баланын денесин бошотолу деп көйнөктөрүн чечип, топчусу жок кийимдерин кол менен тытып жибердик. Шалактап калыптыр. Жан-алакетке түшүп калдык. Мирлан Заирбекович (Мирлан Токтошев — ред.) жүрөк тушун, артынан өпкө тушун укалап, дем алдырууга аракет кылды. Бир топко чейин майнап чыккан жок. Эл чогулуп калган. Бир убакта бала ыйлап жибергенде жеңилдене түшүп, "өх-хх" дедик", — деп айтып берди Көчөрбаев. 

Чакырган Тез жардамды жолдон кезиктирип, Токтошев бала менен кошо каретага түшүп, облустук ооруканадагы дарыгерлердин колуна тапшыргандан кийин гана эс алгандыгын айтып берди.

Ажалдан аман калган 1,5 жашар бөбөк Амир Керезбеков — үйдүн кенжеси. Апасы Жылдыз Чыныбаева ошол эле аймактагы бала бакчада иштейт.

"Бала бакчада иштейм. Амирден улуу дагы эки балам бар. Бир аз тумоолоп калгандыктан бир нече күндөн бери үйгө калтырып кетип жаткам. Эмне дейин, Мирлан байкеге абдан чоң ыраазычылыктан башка эч нерсе айта албай турам", — деди Чыныбаева.

Талас облустук биргелешкен оорукананын дарыгери бала бул жайга оор абалда түшкөндүгүн билдирди. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы жакшы болуп калгандыктан, үйүнө чыгарылганын айтты. 

Каарман банкирлерге сыйлык тапшырылды

Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы
Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков башкы каарман Мирлан Токтошевге Ардак грамота, Таластагы филиалдын өкүлдөрү Айдар Көчөрбаев жана баланы сактоого көмөк көрсөткөн дагы бир кызматкер Алина Ашырбек кызына ыраазычылык баракчасын, сыйлыктарды тапшырды. Ал эми ажалдан калган Амирге велосипед белек кылды.

Мирлан Токтошев Өзгөн районунун Салам-Алик айылында төрөлүп, Ош мамлекеттик Университетин бүтүргөн. Бишкек шаарындагы коммерциялык банкта иштегендигине 10 жылга чукулдап калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0