Исаков Музаффар Ахматходжаевич. Өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат фракции СДПК Музаффар Исаков
Депутат фракции СДПК Музаффар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 1982 жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылында туулган. Жалал-Абаддагы Элдердин Достугу университетинен 1999-2005 жылдары билим алып, "Финансы жана кредит" адистиги боюнча кесипке ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 2001 — Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, Таш-Булак айыл өкмөтүндө инвестиция тартуу адиси, мектеп директору; 
  • 2010-2015-жылдары — Таш-Булак айылдык аймагынын башчысы;
  • Жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган;
  • 16.06.2016 — 26.12.2018 — Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат.
  • Ага карата 2017-жылы февралда Кылмыш жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Орус, кыргыз, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0