БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Калашников" концерни шейшемби күнү карапайым калктын пайдалануусу үчүн курал-жарактын жаңы төрт түрүн сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Ростехтин расмий сайтында жарыяланды.
Рынокко чыккан куралдын катарында 12-калибрдеги "Сайга 12К", АК-103, "Сайга МК" карабиндеринин модернизацияланган эки түрү кирет.
Бул автоматтарды Россиянын 18 жашка чыккан ар бир жараны сатып ала алат. Куралдар коргонуу жана мылтык атуу менен алектенгендерге сунушталат.