БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрүндө эки күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 15-16-июнь күндөрү Патрис Лумумба, Волков, Профсоюз жана Кустанай көчөлөрүндө өчүрүлөт.
Ишкана мындай аракет газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экенин белгилейт.