БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Passat Volkswagen үлгүсүндөгү унаа айдоочусунун айынан эки бала жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда окуя 12-июнь күнү саат 18.30 чамасында болгон.
"Көлмө жаңы конушунда унаа токтотуучу жайдан унаасын арты менен айдап келе жаткан жаран Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унааны коюп кетет. Натыйжада катуу сокку алган унаа коляскадагы бир жашар ымыркай менен анын жанындагы үч жашар баланы коюп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан жабыркаган балдар ооруканага жеткирилген. Ал эми Passat Volkswagen үлгүсүндөгү унаанын 57 жаштагы айдоочусу мас абалда болгону аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.