БИШКЕК, 11-июн. – Sputnik. G20 cаммити 2017-жылдын 7-8-июлунда Гамбург шаарында өтөт. Бул туурасында герман өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт кабарлады.
"Иш-чара Hamburg Messe деп аталган көргөзмө борборунун аймагында өткөрүлөрө божомолдонуп жатат", — деп билдирди Зайберт журналисттерге.
G20 өкүлчүлүктүн ыйгарым укугу 2017-жылы Германияга берилет.
"Жыйырмалык (G20)" — глобалдуу экономикалык жана финансылык кызматташуу боюнча маселелерди талкуулай турган негизи форум. G20га экономикасы алда канча өнүгүп кеткен жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кирет.