БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстан Global Peace Index түзгөн 2016-жылкы коопсуз мамлекеттердин рейтингинде 162 мамлекеттин ичинен 124чү орунду ээледи.
2015-жылдын жыйынтыгы менен түзүлгөн рейтинг Vision of Humanity уюмунун сайтында жарыяланган.
Кыргызстан менен бирдей деңгээлде Кытай (120-орун) жана Сауд Аравиясы (129-орун) бар.
Эң коопсуз шаар деп Исландия аталды. Алдыңкы ондукта андан сырткары Дания, Австрия, Жаңы Зеландия, Португалия, Чехия, Швейцария, Канада, Япония жана Словения бар.
Рейтингди түзүүдө негизинен өлкөлөрдүн коңшулары менен болгон мамилеси, БУУнун тынчтык операцияларына катышуусу, курал-жарактарынын көлөмү, аскердик чыгымдары, өлкө ичиндеги туруктуулук, адам өлтүрүүнүн деңгээли жана терроризмдин таасирлерине басым жасалган.