00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Битир-садаганын баасы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намаз учурунда битир-садага берип жаткан жаштар. Архив
Айт намаз учурунда битир-садага берип жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынын катчысы Максат Атабаев билдирди. 

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы орозо кармоонун эрежелерин түшүндүрүп берди
Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 32 сомдон эсептелди. Ошондой эле садага-битир буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг. 200 грамм) жана курманын салмагы (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 320 сом, ун – 48, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү салмагы 384 сом деп эсептелген. 

Муфтияттын маалымат кызматынан билдиргендей, мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот, бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү каралган.

"Рамазан айында ар бир колунда бар адам шариат боюнча садага берүүгө милдеттүү. Алар өз ыктыяры менен жакырларга жогоруда көрсөтүлгөн өлчөм менен же көңүлүнөн чыккан жардамын берсе болот", — деп билдирди Атабаев. 

Анын айтымына караганда чогулган каражаттын 20 пайызы муфтиятка, калган 80 пайызы облустук казыяттарга, райондук хатибияттарга жана жергиликтүү мечиттерге калат. 

"Орозо айы бүткөндөн кийин атайын комиссия түзүлөт. Ал жакка жардамга муктаж адамдар же дарыланууга каражаты жоктор келип документтерин көрсөтүп катталышат", — деп билдирди Атабаев. 

Ал чогулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылып берилерин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, өткөн жылы рамазан айында республика боюнча 31 миллион сом чогулган. Ал эми быйыл орозо 6-июнда башталмай болду.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысы кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0