БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектеги Жантөшев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аралыгы оңдоо иштеринен кийин автомашиналар үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Оңдоо иштери шаардык бюджеттен каржыланып, транспорт маселесин чечүүгө жана жолдорду жакшыртуу максатында ишке ашып жатат.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы кичи райондордогу бир катар жолдор оңдолот.