Атамбаев Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун өнүгүүсү боюнча маалымат укту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева с губернатором Кызыл-Суу Кыргызской автономной области КНР Пархатом Турду
Встреча президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева с губернатором Кызыл-Суу Кыргызской автономной области КНР Пархатом Турду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Шиңжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаевге Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча облус жетекчилигинин Кытайдын борбордук өкмөтү менен биргелешкен иши тууралуу маалымат берилди.

Президент Кытай жетекчилиги региондун экономикалык өнүгүүсү үчүн эле эмес, этностук кыргыздардын маданий-улуттук өзгөчөлүктөрү менен кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык колдоону көрсөтүп жатканын канаттануу менен белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0