БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарынын Василеостровский районундагы курулушта иштеп жаткан Кыргызстандын 31 жаштагы жараны бийик имараттан кулап каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 29-май күнү саат 22.00дө болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы келип, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок ага карабастан, кыргызстандык көз жумган.
Учурда маркумдун туугандары анын сөөгүн мекенине кайтаруу иштери менен жүрөт. Мындан тышкары, Санкт-Петербург шаарындагы консулдуктун өкүлдөрү маркум иштеген компаниянын жетекчилиги менен "жүк-200дүн" чыгымын төлөө жана анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.