БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төрт-Көчө аймагында Калашников АК-74 автоматынын пакетке оролгон эки магазини огу менен табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир магазинде 12ден ок болгон. Алар бузулган көпүрөнүн алдынан табылган.
Мында "Кара-Суу" заставасынын чек арачылары УКМКнын кызматкерлери менен бирге иштешкен. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ок-дарылар УКМК өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.