Үрүмчүдө чыккан журналдын бет ачары Бишкекте өткөрүлөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКитепканадагы аял. Архив
Китепканадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тил жана котормо" журналы жылына эки ирет чыгып Улуттук китепкана аркылуу таркатылат.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Үрүмчүдө чыккан "Тил жана котормо" журналынын бет ачары Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара бүгүн саат 11.00дө Улуттук китепканада башталат.

"Аталган журнал 1985-жылдан бери бир нече тилде чыгып келет. Анын кыргыз тилиндеги атайын чыгарылышы Улуттук китепкана менен биргеликте ишке ашып жатат. Негизги максаты — Кыргызстанда жана Кытайда жашаган кыргыздардын тилдик байланышына колдоо көрсөтүү болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. 

"Тил жана котормо" журналы жылына эки ирет чыгып Улуттук китепкана аркылуу таркатылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0