БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын тургуну дүкөндүн ичинен бензин чачып өзүн өрттөп жибергенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, ал дүкөндүн ээси болгон. Текшере келгенде анын арак ичип алганы аныкталган.
Денеси күйгөн жаран Тез жардам менен ооруканага жеткирилген.