БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы саатына 1-6 метрге жетет.
Бишкек шаарында аба ырайы 29… 31 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ош шаарында күндүн температурасы 32 градуска чейин көтөрүлөт.
Нарын, Ысык-Көл облустарында 25 градуска чейин жылыса, Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында 33 градуска чейин ысыйт.