БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык Каным Бурхан кызы Ашхабадда самбо боюнча өткөн турнирде коло медаль тагынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын атасы Бурхан Молдобаев билдирди.
Анын айтымында, 25-30-май күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында самбо боюнча Азия биринчилиги өттү.
Каным Бурхан кызы буга чейин Бишкек шаарында өткөн спорттун таяк тартыш деп аталган түрү жана дзюдо боюнча жогорку окуу жайлар арасында биринчи орунду ээлеген.