БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) эски үлгүдөгү паспортторду жараксыз деп таануу боюнча токтом иштеп чыгууда. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта 1994-жылы берилген паспорттор күчүн жоготот. МКК маалымат кызматынын жетекичиси Мелис Эржигитов иштелип жаткан токтом кайсыл максатты көздөөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Анын айтымында өлкө боюнча 10 миң адамда 1994-жылдагы паспорттор бар.
"Эки себеби бар. Биринчиси — жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо. Мыйзамга ылайык ID-карт үлгүсүндөгү паспорт менен гана шайлоого катышууга болот. Экинчиси — эски үлгүдөгү паспорттор башка өлкөдө жараксыз деп табылган", — деди Эржигитов.
Ал ошондой эле 60 жаштан жогору адамдар паспортторун акысыз алмаштыра алаарын кошумчалады.