Бишкек мэриясы эртең 25 миң балага эсептелген майрам уюштурат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы концерттин катышуучусу. Архив
Ала-Тоо аянтындагы концерттин катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын бардык төрт районунда балдар үчүн иш-чаралар өтөт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнү — 1-июнга карата 25 миң баланы камтый турган ири иш-чараларды уюштурат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Балдарды коргоонун эл аралык күнү — 1-июнда саат 10.30да Эски аянтта жана Эмен багында, Абдумомунов — Раззаков — Пушкин — Тыныстанов көчөлөрүнүн төрт бурчтугунда "Балдар майрамы" уюштурулат.

ЮНИСЕФ логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФ: КРде балдар өлүмү азайып, билим алуу жеткиликтүү болуп калды
"Россия" кинотеатрында жана Чыңгыз Айтматов атындагы орус академиялык театрында маданий иш чаралар уюштурулат.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада мектеп окуучуларынын изилдөөлөрүнүн көргөзмөсү ачылат. Эмен багында "Жылдыздар балдарга окуп берет" аттуу атайын аянтча иштейт.

Андан сырткары саат 10.00дө жаштардын улуттук "Сейтек" борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 600 балага майрамдык маанай тартууланат.

Ошондой эле Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында "Гадкий утенок" спектакли көрсөтүлөт.

"Ата-Түрк" паркында саат 10.00дө концерт уюштурулуп, анын алкагында "Эр жигит", "Жаш спортчу" конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланат. Шахмат, тогуз коргоол, боюнча мелдештер уюштурулат.

Ошондой эле Бишкек шаарынын бардык төрт районунда балдар үчүн иш-чаралар өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0