Эртең Ошто бокс боюнча эл аралык турнир башталат

Жазылуу
Турнир СССРдин спорт чеберлери, бир тууган ага-инилер Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ош шаарында эртең бокс боюнча VII эл аралык турнир өтөт. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

"Турнир СССРдин спорт чеберлери, бир тууган ага-инилер Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Таймаш Ош шаарындагы бокс жана оор атлетика спорт мектебинде өтүп, беш күнгө созулат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0