БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Саякбай манасчы" коомдук фондусу белгилүү манасчылар Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловго үч бөлмөлүү бирден батир берет. Бул тууралуу фонддун төрагасы Самат Ибраев билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда фонд тарабынан уюштурулган "Улуулукка урмат" аттуу иш-чара өтөт.
"Турак жай аталган манасчылардын "Манас" эпосун жайылтууга, аны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилүүдө", — деди Ибраев.
Ал аземдин жүрүшүндө манасчылардан тышкары 20 жылдан бери "Манасты" өнүктүрүүдө эмгек кылган адамдар да сыйланарын кошумчалады.