БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө төрт күнгө газ өчүрүлөрү тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда көгүлтүр от 31-майдан 3-июнга чейин болбойт.
"Газ берүү төрт күн бою Ладожская, Жибек Жолу, Малышев, Махатма Ганди, Элебесов, Саадаев көчөлөрү менен Кара-Жыгач токоюнда токтотулат", — деп айтылат маалыматта.
Көгүлтүр отту өчүрүү газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.