БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Мирбек Сарткалманов IFMA World Muaythai Cmampionship 2016 чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу КР Тай боксу федерациясынын президенти Елена Шевченко билдирди.
Дүйнөлүк беттеш Швециянын Йенчепинг шаарында өткөн. Ага Кыргызстандан үч тайбоксчу катышкан.
Эл аралык бул беттеште кыргызстандык Рафаэль Физиев коло байгеге татыган.
"Сарткалманов, 60 килограмм салмак категориясында күч сынашып, морокколук спортчуну жарым финалда утуп алды. Эми ал Вьетнамдан келген мушкер менен таймашат. Физиев болсо жарым финалда утуп эле жаткан, бирок олуттуу жаракат алып дарыгер тарабынан оюну токтотулуп, коло байгеге татыды", — дейт Шевченко.
71 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан Физиев россиялык Денис Колотыгин менен беттешиши керектиги боюнча маалымдалган.