БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Быйыл Тажикстандын орто мектептеринде акыркы коңгуроонун урматына эч кандай шаан-шөкөтүү иш-чаралар болбойт. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги билдирди.
Билим берүү министри Нуриддин Саид кол койгон буйрукка ылайык, мектептин кандай даражада экенине карабастан акыркы коңгуроону белгилөөгө тыюу салынган.
Быйыл Тажикстанда мектепти бүтүрүү 7-июнга туура келет.
Буйруктун аткарылышын билим берүү министрлигинин облус, район жана шаарлардагы башкармалыктары менен мектеп директорлору жана класс жетекчилери көзөмөлдөп, жооп берет.