БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Зордуктоого аракет кылган деп айыпталып, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук милициясы тарабынан издөөгө алынган Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы тургуну Россиядан кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран 24-майда Россиядан Казакстанга өтүүгө аракет кылган учурда РФтин Петухов шаарынын полициясы тарабынан колго түшкөн.
Бишкек ШИИБи буга чейин издөөгө алынган жаран тууралуу ыкчам маалыматтарды россиялык кесиптештерине жөнөткөн.
Учурда кармалган жаран Петухов шаарынын полициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыр аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча маселе чечилүүдө.