БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Данияр Абдыкеримов көрөрмандарга "Сагын" аттуу тасмасын сунуштай турганын Кинематография департаменти билдирди.
Жаңы кинонун бет ачары үстүбүздөгү жылдын 26-май күнү борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде өтөт.
Тасмада Сагын аттуу жигиттин окуясы баяндалат. Драма жанрындагы кино 80 мүнөткө созулат.
Жаңы эмгек Төлөмүш Океев атындагы улуттук киностудиясынын колдоосу менен тартылды. Анда баш каарманды белгилүү спортчу Кумар Жалиев ойносо, анын жубайын Рахат Божокоева аткарган. Ал эми баш каармандын атасын белгилүү ырчы, КРдин эмгек сиңирген артисти Алтынбек Сапаралиев ойногон.