БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Баткен облусундагы медреселер аралык спорттук жарыштар өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 23-май күнү Исфана шаарында болуп, анда волейбол, футбол жана теннис боюнча жарыш өтөт.
Иш-чаранын максаты спортту өнүктүрүп, мугалимдер жана окуучуларды дени сак жашоого үгүттөө болуп саналат.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.