БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткенде балдарды заманбап технологиянын шарттары менен сүннөткө отургузуу саамалыгы 25-майда башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Облустук казыят кызмат алуу үчүн бардык каалоочулар кайрылса болорун айтат.
Сүннөткө отургузуу саамалыгы Баткен шаарындагы борбордук "Нумани" мечитинде өтөт.