БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Министрлердин жардамчылары орусча "куратор" болсо, кыргызча "кууратаар" болот. Бул тууралуу эл өкүлү Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште экономика министри Арзыбек Кожошев, Энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышат.
"Энергетика министрлигин жоюп туура эмес кылганбыз. Эгерде КМШ өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин саммити өтө турган болсо, Кыргызстандын ким барат?", — деген суроону депутат Рыскелди Момбеков узатты.
Бул суроого энергетика министри өзү бара турганын айтты. Аталган жоопко нааразы болгон депутат эмне үчүн энергетиктер чогулган жерге экономика министри барышы керектигин түшүнбөй жатканын айтты.
"Эмне үчүн сиз барасыз? Сизде деген орусча айтканда "куратор", кыргызча айтканда "кууратаар" деген бар да", — деди Момбеков.
Бул суроого министр Арзыбек Кожошев энергетикалык холдинг Экономика министрлигине караштуу экенин билдирди.