Сот отуруму: Коркмазовго акча берди делген жарандын Ак үйгө кирген-кирбегени белгисиз

© Sputnik / Эркин АлымбековЖогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Процесс прокурордун сунушу менен чакырылган күбөдөн башталды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн, 17-майда Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланып, анда күбөлөр көрсөтмө беришти.

Сот отуруму прокурордун сунушу менен чакыртылган күбөдөн башталды.

Биринчи болуп парламенттин маалымат башкармалыгынын кызматкери Денис Безродных мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берди. 

Ага прокурор тарабынан Коркмазовго акча алып барып берди делген Ольга Плотникаванын Ак үйгө кирип чыкканы каттоого турганбы деген суроо узатылды.

"7-май күнү Плотникованын имаратка кирип чыкканы каттого алынган эмес. Текебаев баш болгон депутаттык комиссия келип, иш ордумдагы компьютердеги маалыматтарды карап, Плотникованын имаратка кирип чыкканы боюнча маалымат жок экенине күбө болуп, ал кадам акт менен бекитилген", — деди Безродных.

Ал программа ошол маалда иштебей калышы мүмкүн экенин белгиледи. 

Андан соң экинчи күбө, депутаттык комиссия менен кошо парламенттин маалыматтык бөлүмүн текшерүүгө катышкан Султан Иманкожоев суроолорго жооп берип жатып, маалыматтык базада май айы боюнча маалыматтар жок болуп чыкканын билдирди.

"Имаратка кирип чыгууда колдонулган карточканын жардамы менен катталган маалыматтардын ичинен Плотникова боюнча маалымат таба алган жокпуз. Андан соң адисти чакырып, серверди ачып берүүсүн өтүндүм. Серверге кирүү менен логи боюнча май айындагы маалыматтар дээрлик жок экенине күбө болдум. Башка айлар боюнча 13-15 миң жазылуу болсо, май айында 11 гана жазылуу түшкөн", — деди Иманкожоев. 

Логи бул күн сайын кирип чыгууну каттап туруучу система. 

Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарымбаев менен Коркмазовдун сотуна Текебаев менен Кыдыралиев чакырылмай болду
Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында кармалып келишкен.

Нариман Түлеевге эки ирет мунапыс колдонулуп, үcтүбүздөгү жылдын 7-май күнү абактан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0