БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Таиланддын Бангкок шаарында өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык "Asian Single Dance Championships-2016" турниринде кыргызстандык бийчилер 4 алтын, 1 коло утуп алышты. Бул тууралуу КРдин спорт бийи федерациясынан билдирди.
Турнир үстүбүздөгү жылдын 7-8-май күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Корея, Япония, Кытай, Малайзия, Таиланд, Россия өлкөлөрүнөн барган спортчулар катышты.
Турнирдин латина категориясынын самба, румба жана джайв түрү боюнча Артем Семеренко менен Валерия Качалко үч алтын медаль алышты.
Дагы бир кыргызстандык жуп Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей латина категориясынын ча-ча түрүндө экинчи орунду алса, пассодобль түрүндө алтын тагынган.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 1 коло тагынышты.