БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет. Мусулмандардын маанилүү делген майрамы Курман айт 12-сентябрда белгиленет.
Эскерте кетсек, бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, июндун башында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт.